Загрузка документа…
БӨРҮ-БАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бөрү-Баш айылдык Кенешинин 27-чакырылышынын 22- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №10
Бөрү-Баш айыл аймагындагы 45,2 га айыл чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому менен бекитилген «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинин 15- пунктунун талаптарына ылайык, 2009-жылдын 21-майындагы Бөрү-Баш айылдык Кенешинин 25-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын токтомун жана жерге жайгаштыруу иш кагаздарды карап чыгып, Бөрү-Баш айыл аймагындагы айылдарда жашаган калктын саны өсүп жана жеке турак жай салууга жер тилке сурап жазган арыздар көптүгүнөн Бөрү-Баш айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерин айылдардын кенейтүүсүнө айыл чарба категориясындагы жалпы аянты 45,2 га жер тилкелерди калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин анын ичинде:
- Бөрү-Баш айылы боюнча №1084 контурдагы 33,9 га жер
- Черик айылы боюнча 11,3 га анын ичинде №1095 контурдагы 5 га, №1094 контурдагы 6,3 га жерлер.
2.Айыл чарба категориясындагы жер тилкени калктуу конуш категориясына которууну (трансформациялоону) Ак-Суу райондук мамлекеттик адмнистрациясынан колдоп берүүнү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бөрү-Баш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шаршеевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ахметов |
|