Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры №28
Айыл аймагындагы ордо оюнчуларына жардам көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагындагы “Ак-Булак” машино-трактордук станциясы муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Үметалиевдин айыл аймагындагы ордо оюнчуларына жардам көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы ордо оюнчуларына жардам көрсөтүү үчүн “Ак-Булак” МТС муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатынан 5 000 (беш) сом каралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагындагы “Ак-Булак” машино-трактордук станциясы муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Үметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р.Кабылов |
|