Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №29
Кара-Суу айыл аймагында курулуп жаткан бала-бакчанын курулуша жумшалган акча каражаттан үнөмдөлүп калган акча каражат жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Кара-Суу айыл аймагында курулуп жаткан бала-бакчанын курулушуна жумшалган акча каражаттан үнөмдөлүп калган акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча сунушун угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 39-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагында курулуп жаткан бала-бакчанын курулуша жумшалган акча каражатынан үнөмдөлүп калган 117 000 сом бала-бакчанын курулуш иштерине жумшалсын.
2.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р.Кабылов |
|