Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №30
Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринин ассоциясынын долбоору аркылуу түшкөн каражаттан үнөмдөлүп калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринин ассоциясынын долбоору аркылуу түшкөн каражаттан үнөмдөлүп калган каражатты максаттуу пайдалануу боюнча сунушун угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 39-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринин ассоциясынын долбоору аркылуу түшкөн каражаттан үнөмдөлүп калган 234 332 сом акча каражатын Кара-Суу айыл аймагындагы М.Береналиев атындагы спорт комплексине машыгууга керектүү шаймандарды алууга жумшалсын.
2.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р.Кабылов |
|