Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын №22/1
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы Маданият үйүнүн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилʏʏчʏ тʏрткʏ берʏʏчʏ грант менен Талаа-Булак айыл аймагынын Маданият ʏйʏнʏн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кочкор райондук шаар, курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө А.Бейшекеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын Маданият ʏйʏнʏн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2997 183 (эки миллион тогуз жүз токсон жети миң бир жүз сексен үч ) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн 2020-жылдык бюджетинен өздүк салым үчүн 7% өлчөмүндө накталай 209,803 сом төлөнүп берилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |
|