Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №22/3
Түзүлгѳн сметалар жана инженердик кызматтар үчүн акча каражатын кароого беренеден беренеге которуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон «К.Мамбеталиев » атындагы орто мектепбине жана « С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасына салынып ишке берилген кошумча имараттарга түзүлгѳн сметалар жана инженердик кызматтар үчүн райондук архитектура бѳлүмүнѳ акча каражаты каралбагандыктан беренеден беренеге которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 109-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон «К.Мамбеталиев » атындагы орто мектепбине жана « С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасына салынып ишке берилген кошумча имараттарга түзүлгѳн сметалар жана инженердик кызматтар үчүн райондук архитектура бѳлүмүнѳ акча каражаты каралбагандыктан беренеден беренеге которуп берилсин
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын бюджетинин акча каражатын тɵмɵнкүдɵй:
Мамлекеттик кызматтын 70111 бөлүмдүн 2222 беренесинен 87,7м сомду
Мамлекеттик кызматтын 70111 бөлүмдүн 2215 беренесине 87,7м. Сом акча каражаты которулуп берилсин.
3.2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин беренелерин которуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |
|