Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 23/3
Мобилдик байланышынын жабдуларын орнотуу үчүн жер аянтынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Айыл аймагында мобилдик байланышты сапаттуу тейлөө максатында Комсомол айылынын С.Өмүрбаев орто мектебинин аянтынын ичинен мобилдик байланышынын жабдууларын орнотууга «Нур Телеком» ЖЧК сынын өтүнүч катынын негизинде жер аянтынын өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн туурак жай адиси А.Бейшекеевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер» кодексинин 8-беренесинин 4- пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагында мобилдик байланышты сапаттуу тейлөнү камсыз кылуу үчүн Комсомол айылынын ичинен мобилдик байланышынын жабдуларын орноту үчүн жер аянттынын орду 20 м2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Айыл аймагында мобилдик байланышты сапаттуу тейлөнү камсыз кылуу мобилдик байланышынын жабдууларын орнотуга 20 м2 жер аянттын тактап берүүнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын .
Төрага | Р.Эсекеев |
|