Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 24/1
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы, 2020-жылга жергиликтуу бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга жергиликтуу бюджетин жана 2021-2022-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Исраилованын отчетун угуп «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесинин 2- пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү: 10813253 сомго, .ал эми чыгаша бөлүгү: 10713665 сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2020-жылга Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Чыгаша бөлүгү
2111 Эмгек акыга 4651,4 2121 Эмгек акынын чегеруусуно 703,3 2211 Командировкалык чыгым 80,0 2212 телефон кызматы 5,0 2214 Транспорт каражатына 90,0 2215 Ар кандай каражатка 450,0 2218 Тамак аш каражатына (бала бакча) 745,2 2221 Ремонт учун 0,0 2222 Инвентарь алууга 0,0 2231 Суу үчүн 50,0 2231 Электро-энергия учун 1088,5 2224 Көмүр учун 543,6 . курс үчүн 0,0
Баары 8407,0 Ар кандай каражаттар 480,0
Жалпысы: 8887,0
2. Айыл аймагынын бюджетиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор боюнча сессияга сунушталып, айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн баардык түрлөрү менен толук аткарылышына чараларды көрүү , финансы бөлүмүнүн башчысына жана салыктарды ондуруп ,аткаруу жагы кирешелер боюнча башкы адиске тапшырылсын.
3. Пландалган жер салыгынан ашык чогулган акча каражат айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтому менен тартыш статьяларга пайдаланылсын.
4. 2021-жылга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү : мунун ичинен Жергиликтүү салыктар 3578,0 сом теңдештирүүчү гранттын өлчөмү 5247,3 сом
Жалпы киреше бөлүгү 8825,3 миң сом . Чыгаша бөлүгү 8825,3 миң сом
5. 2022-жылга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгү:
Жергиликтүү салыктар 3680,0 миң сом . тендештирүүчү гранттын өлчөмү 5286,6 миң сом
Жалпы киреше 8966,6 миң сом . чыгаша бөлүгү: 8966,6 миң сом
6..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы экономика, бюджет жана салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Эсекеев |
|