Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы №24/2
Талаа-Булак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын жарандардын жашаган жана иштеген шайлоочулардын чогулуштарынын Талаа-Булак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагындагы №4160 Дөң-Алыш , №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөткөн коомдук уюмдардын , жарандардын жашаган жеринен жана мекеме ишканада иштеген шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2.Талаа-Булак айыл аймагындагы №4160 Дөң-Алыш, №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жана тийешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын,
3. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын суралсын
Төрага | Р.Эсекеев |
|