Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 03
«Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери» категориясына которуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11, 18 чи беренелеринин негизинде жана Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 28.08.2019 жылы жазган № 1/0-2128 катын карап чыгып токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын түштүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 17,72 га жайыт жер жерлерин (контурлар: 1244,1248,1260,1261,1262) дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысына (К.Т.Тюлегеновго) тапшырылсын.
Төрагасы | Б.У. Усенбеков |
|