Загрузка документа…
КАИНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 113/XXXIV - 2
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары тууралуу”, 2019 – жылынын 5 – ноябрындагы № 121 ошондой эле Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана протоколдорду карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү талапкерлер сунушталсын: шайлоочулардын чогулушунан – Кулубаева Джылдыз Садырбековна , Ибраимова Меримкуль Рыспековна; эмгекчилердин чогулушунан – Сейтимбетова Алтынай Айтбековна, Сыдыкова Анаркан Жумакадыровна.
2.Кайыңды шаардык кеңешине сессиянын токтомун, чогулуштун протоколдорун жана көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кенешинин жетектөөчү адиси Сулайманов Р.Ж. га жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
|