Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 116/XXXIV - 5
Кайыңды шаарынын аймагындагы юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу өндүрүш жана өнөр жай мекемелер үчүн ай сайын төлөмү;
1.1 1 контейнерден – 5 контейнерге чейин – 4000 сом,
6 контейнерден – 10 контейнерге чейин – 8000 сом.
2. Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу үчүн соода түйүндөрүнөн, коомдук тамактануу түйүндөрүнөн, дарыканалардан, ветеринардык дарыканалардан жана калкка тиричилик кызмат көрсөткөн жеке адамдар үчүн ай сайын төлөмү;
2.1 25 м. кв. чейин - 100 сом, 25 м.кв. - 50 м.кв. чейин – 200 сом, 50 м.кв. - 100 м.кв. чейин – 400 сом, 100 м. кв. жогору – 600 сом тарифи бекитилсин.
3.Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу бюджеттик мекемелерге үчүн ай сайын төлөмү;
3.1 25 м. кв. чейин - 50 сом, 25 м.кв. - 50 м.кв. чейин – 100 сом, 50 м.кв. - 100 м.кв. чейин – 200 сом, 100 м. кв. жогору – 302 сом тарифи бекитилсин.
4.Кайынды шаардык кеңешинин № 44/ XV – 5 2018 – жылынын 12 – январындагы токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
|