Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 117/XXXIV - 6
Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
23.09.2011 - жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчиктеги жер аймактарына акылуу менчик укуктарын берүү же болбосо арендага берүү шарттары жана ирээти жөнүндө” № 571 Жобосунун 3 главасы 7 пунктунун талаптарынын негизинде жана комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн жумуш ордунун которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү иретте бекитилсин:
1)Исаев М.Э. – Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн башчысы – комиссиянын төрагасы
2)Кабаев Э.О. –Кайынды шаарынын мэриясынын киреше боюнча башкы адиси
3)Курамаев Н.Е. – Кайыңды шаарынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
4) Молдалиева Б.Дж. – Алты – бакан бала бакчасынын башчысы
5) Момунбаев С.Н. – Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты
6)Подгорный Е.А. – В.В. Казаченко атындагы № 1 мектеп-лицейинин мүдүрү
7).Рысалдиева З.Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси – юрист
2.Кайынды шаардык кеңешинин № 51/XIX – 1 2018 – жылынын 12 – мартындагы токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
|