Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 119/XXXIV - 8
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019-жылдын атайын эсебинин бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шарынын мэриясынын 2019-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019 – жылынын киреше бөлүгүнө ашык пландуу финансылык каражаттардын келип түшүүсүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019 – жылынын атайын эсебинин - 369,4 миң сом суммасында бош калдыктарын төмөндөгү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:
1) Кайыңды ш. Мэриясынын алдындагы «ММБ» бөлүмү:
2231 - беренесине электр энергиясы үчүн акы – 9,2 миң сом
2) «Бала бакча» бөлүмү 2218 – азык түлүк сатып алуу- 118,7 миң сом 2222 - беренесине (башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу) - 241,5 миң сом
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Мокешов |
|