Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 120/XXXIV - 9
Гагарина №1 дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктү (жатакана) Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 257 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 4,5,11 пункттарына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Гагарина №1 дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктү (жатакана) Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алынсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
|