Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 1-октябры №25/117
«Наристе Ак-Кыя»бала бакчасынын директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Ак-Кыя айылындагы «Наристе Ак-Кыя» бала бакчасынын 2018-2019-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директору Б.Жумабекованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Наристе Ак-Кыя» бала бакчасынын 2018-2019-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директору Б.Жумабекованын маалыматы канааттандыраарылык деп табылсын.
2. «Наристе-Ак-кыя» бала бакчасынын ички эмгек тартибин сактоону, балдарга тарбия берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен балдарга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы бала бакчанын директору Б.Жумабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынынайылдык
Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жанасоциалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|