Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-октябры №25/119
Муниципалдык менчикти пайдалануу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарып айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү сапаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамүдүн уулу |
|