Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-октябры №25/122
Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектөлүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынан которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которулусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|