САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 01-октябры №25/125
«Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү акыны бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү акыны бекитип берүү жөнүндө бала бакчанын директору Б.Жумабекованынмаалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.«Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү акы 1 балага 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Балакбакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражаты убагында чогултулуп, балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатына жооп берүү жагы бала бакчасынын директору Б.Жумабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жанасоциалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамүдүн уулу |
|