Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдыгн 01-октябры №25/126
Каракужур айылдык маданият үйүнө О. Макишовдун ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» жобого жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык Каракужур айылдык маданият үйүнө Макишов Орозобектин ысымын берүү жөнүндө Каракужур айылдык маданият үйүнүн эмгек жамаатынын сунушун карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Каракужур айылдык маданият үйүнө Макишов Орозобектин ысымы ыйгарылсын.
2.Каракужур айылдык маданият үйү «Макишов Орозобек атындагы Каракужур айылдык маданият үйү» деп аталсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы уулу Макишов Эрнис Орозобековичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|