Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №26/127
Жергиликтүү маанидеги инфроструктураны өнүктүрүү жана күтүү элементине түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүгүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайыкСары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2019-жылдын III квартал ичинде, планга койулган жергиликтүү кирешелерден тышкары жергиликтүү маанидеги инфроструктураны өнүктүрүү жана күтүү элементине жалпысы 160000 сом акча каражаты түшкөндүгү жана жогоруда көрсөтүлгөн 160000 сом акча каражатын бөлүштүрүп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги инфроструктураны өнүктүрүү жана күтүү элементине түшкөн 160000 сом сомду төмөдөгү статяларга
-3112- 35000 сом -Шамен орто мектебине (видо көзөмөл, жылыткыч алууга);
-3112-30000 сом -Ү.Бейшеев орто мектебине (печка алууга);
-3112-25000 сом -“Наристе-Ак-Кыя бала бакчасына(кир жуган автомат алууга);
-2215- 30000 сом -Аппаратка (архитектурага);
-2221- 30000 сом -Аппаратка (ар кандай чыгымга);
-2215- 10000 сом -Аппаратка (ар кандай чыгымга);
2. Жалпы баардыгы 160000 сом бөлүнүп бекитилип берилсин
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|