Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/128
Калкты маданий жактан тейлөөдө маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калкты маданий жактан тейлөөдө Каракужур айылдык маданият үйүндө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Каракужур айылдык маданият үйүн башчысы Р. Токтоматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Каракужур айылдык маданият үйүн башчысы Р. Токтоматовдун жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Дааталуу күндөрү маданий массалык иш чараларды өткөрүүдө коомдук уюмдар, жалпы эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы Каракужур айылдык маданият үйүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жанасоциалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|