Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/129
Калкты маданий жактан тейлөөдө К.Токомбаева атындагы китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Калкты маданий жактан тейлөөдө К. Токомбаев атындагы № 16 Каракужур айылдык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө китепкананын башчысы
А. Асанакунованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. К. Токомбаев атындагы № 16 Каракужур айылдык китепкананын башчысы А. Асанакунованын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Китеп окуучулар менен ар кандай маданий иш чараларды, тегерек столдорду өткөрүү, коомдук уюмдар, жалпы эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана долбоор жазып китеп фондусун жаңыртуу жагы китепкананын башчысы А. Асанакунова тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|