Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/130
Калкты маданий жактан тейлөөдө № 24 китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калкты маданий жактан тейлөөдө № 24 Сары-Булак айылдык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө китепкананын башчысы Г.Орозбекованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1. № 24 Сары-Булак айылдык китепкананын башчысы Г.Орозбекованын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Китеп окуучулар менен ар кандай маданий иш чараларды, тегерек столдорду өткөрүү, коомдук уюмдар, жалпы эл менен тызыз байланышта иш алып баруу жана долбоор жазып китеп фондусун жаңыртуу жагы китепкананын башчысы Г.Орозбековага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|