Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/131
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнөжана 46-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2018-2019-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2019-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2019-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовготапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент,депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|