Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/132
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүмүнүн 9-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планын долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Иш планга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынынайылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
24.12. 2019. № 27/132 токтомуна тиркеме
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ.
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Даярдоого жооптулар | Аткарууга жооптулар |
I квартал | |||
1. | Сары-Булак айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө | туруктуу комиссия | Бөлүм башчы |
2. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө | туруктуу комиссия | Бөлүм башчы |
3. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын бекитүү | туруктуу комиссия | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
4. | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө, ИСКАКБлардын төрагаларынын маалыматтарын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | ИСКАКБнын төрагалары |
5. | Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда жана дебитордук карыздарды жоюуда Каракужур электр тармактар барчасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуу жөнүндө. | туруктуу комиссия | Каракужур электр тармактар барчасынын начальниги |
6. | Айыл аймагын аймагында кылмыштуулукту алдын алууда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ага аймактык ыйгарым өкүлүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ага аймактык ыйгарым өкүлү |
II квартал | |||
1. | Калктын саламаттыгын сактоодо ҮДТ,ФАП башчыларынын жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматтарын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | ҮДТ,ФАП башчылары |
2. | Мал арасында ар кандай жугштуу оорулардын алдын алуу боюнча веткароолорду жүргүзүүдө жеке ветеринарлардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | туруктуу комиссия | жеке ветеринарлар |
3. | Жол тейлөө ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин отчетторун угуу | туруктуу комиссия | ЖТИ № 14 |
4. | Калкты пенсия ,пособие, газета журналдар менен камсыз кылууда Ак-Кыя байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуу жөнүндө. | туруктуу комиссия | Байланыш бөлүмүнүн башчысы |
5 | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
III квартал | |||
1. | Мектептердин 2019-2020-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө мектеп деректорлорунун маалыматтарын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Мектеп деректорлору |
2. | «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Бала бакча башчысы |
3. | Сары-Булак айыл аймагынынайыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салык пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты угуу | туруктуу комиссия | жетектөөчү адис |
4. | Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө. | туруктуу комиссия | Жер адис |
5.
| КБФнун жерин ижарага берүүдө, ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн иштерин маалыматын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Жер адис |
IV квартал | |||
1. | Калкты маданий жактан тейлөөдө Каракужур айылдык маданият үйүнүн, китепканалардын жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматтарын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Маданият, китепкана кызматкерлери |
2. | Сары-Булак айылынын айыл башчысынын маалыматын угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | айыл башчысы |
3. | Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2019-жылда жүргүзгөн иштери жана 2020-жылга ички тартип эрежелерин жана төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө | туруктуу комиссия | Жайыт комитетинин төрагасы |
4. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
5. | Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө | туруктуу комиссия | Жоопту катчы |
Жооптуу катчы:- К. Элтуйбасов.