Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/133
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2019-жылдын 26-декабрь № 5 элдик жыйындын протоколун жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылында 2019-жылдын 23-декабрь № 5 элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
3.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо турган мал башы үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 60 (алтымыш) сомдон,
-Бир баш топозго 200(эки жүз) сомдон бекитилсин.
4. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо жок жана сырттан келген мал башына үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 120 (жүз жыйрма) сомдон,
-Бир баш топозго 400(төрт жүз) сомдон бекитилсин.
4.Ички тартип эрежелери, төлөө тарифтери, айып өлчөмдөрү бекитилсин.
5.Аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берилсин.
6.Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент,депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|