Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/134
КР Өкмөтүнүн 03.12.2019. №458 буйругун негизинде Фининсы министрлиги тарабынан Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 416,7 (төрт жүз он алты миң жети жүз) миң сом каражаты бөлүнүшүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-декабрь 2019-жылдагы №458 буйругунун негизинде Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшү 100% дан 110% га чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул (дем берүүчү) катары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 416,7 (төрт жүз он алты миң жети жүз) миң сомбөлүнгөн акча каражаты жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешесинин өсүшүнө салым кошкондугу үчүн, стимул (дем берүүчү) максаттуу трансферттен бирден айылык катары эмгек акы жана соц фондго чегерүү менен мындан тышкары муниципалдык кызматчылардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү максатында керектүү инвентар алуу үчүн 416,7 (төрт жүз он алты миң жети жүз) миң сом акча каражаты жумшалсын.
2.Бөлүнгөн акча каражатын жогорудагыдай бөлүнүштө бюджеттин планына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3.Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|