Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/135
Сары-Булакайыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-36-беренелерине ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.2020-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 5367,2 сомго, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүчү кирешелер 2352,7сом, теңдештирүүчү грант 3014,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кирешелери төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Киреше салыгы | 1338,0 |
2. | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү салык | 38,0 |
3. | Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык | 9,0 |
4. | Транспорт салыгы | 114,0 |
5. | Жер салыгы физикалык тарап | 12,5 |
6. | Жер салыгы юридикалык тарап | 27,6 |
7. | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 37,0 |
8. | ФПСтин аренда акысы | 42,3 |
9. | Тазалык жыйым | 5,0 |
10. | Атайын каражаттан түшүүчү салык | 53,0 |
11. | Сатуудан түшкөн салык | 16,0 |
12. | Рояльти | 144,0 |
13 | Жайыт | 486,3 |
14 | Лицензия сатууга | 30,0 |
| Баардык киреше | 2352,7 |
| Теңдештирүүчү грант | 3014,5 |
| Жалпы киреше | 5367,2 |
3.2021-жылга болжолдуу киреше 5532,9 сом, мунун ичинен теңдештирүүчү грант 3014,5 сом жана жергиликтүү салыктан түшүүчү акча каражаты 2685,7 сом
2022-жылга болжолдуу киреше 5641,9 сом, мунун ичинен теңдештирүүчү грант 2847,2 сом жана жергиликтүү салыктан түшүүчү акча каражаты 2794,7 сом болуп белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика,
муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|