Загрузка документа…
САРЫ- БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/137
Сары-Булак айыл аймагынын «Сары-Булак айыл аймагын өнүктүрүү фонду» мекемесин түзүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Сары-Булак айыл аймагын өнүктүрүү фонду» мекемесин түзүү жана уставын бекитип берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Сары-Булак айыл аймагын өнүктүрүү фонду» мекемеси түзүлсүн.
2. «Сары-Булак айыл аймагын өнүктүрүү фонду» мекемесинин Уставы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|