Загрузка документа…
САРЫ БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №27/138
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө жанаКыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаменти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектөлүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3.Бул келишим менен өткөрүлүп берилгенайрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Элтуйбасовго тапшырылсын
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укутарды ишке ашырууда бөлүнгөн акча каражатына көзөмөлдөө кылуу жагыайыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|