Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №28/142
«Жанчар-Булак» ИСКАКБынын 2019-жылда жүргүзгөн иштери жана 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.«Жанчар-Булак» ИСКАКБынын 2020-жыл үчүн түзүлгөн бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу башатын толук көзөмөлгө алуу, бюджетин аткарылышын камсыз кылуу жагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулуна милдеттендирилсин.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын ишине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жанасоциалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|