Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №28/143
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ИСКАКБынын төрагасынын маалыматын угуу жөнүндө
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда Сары-Булак айылындагы «Бүлөтү» ИСКАКБынын төрагасы Т.Абдыкеримовдордун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калкты таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2019-жылда кетирилген кемчиликтерди аткаруу жагы ИСКАКБынын төрагасы Т.Абдыкеримовдорго милдеттендирилсин.
3. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ишине көзөмөлдүктү күчөтүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|