Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №28/145
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин.
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык Кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|