Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №28/146
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы экскаватор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкауу жөнүндө» мыйзамынын 56-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жарандык кодексинин» 231-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагына «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында сатылып алынган экскаватор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобосун бекитүү жөнүндөжайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында сатылып алынган экскаватор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобо бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы экскаватор жүктөгүч жайыт комитетине оперативдик башкарууга өткөрүп берүү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
3.Экскаватор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобонун жобонун негизинде механизаторго келишимдик негизде бекитип берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|