Загрузка документа…
ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 90
“Жер тилкесин которууга (трансформация) макулдук берүү”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 14-беренесине ылайык, жер, айыл –чарба жана экология боюнча айылдык кеӊешинин комитетинин төрагасы Т.Кубанычбековдун кайрылуусун угуп жана 2018-жылдын 25-декабрындагы отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык объектилерди жайгаштырууга жана бала-бакча салуу максатында, Таш-Мойнок айыл аймагынын Беш-Күнгөй айылынын чыгыш тарабынан № 117 контурда жайгашкан 0,30 га өлчөмүндөгү жайыт жерин, “Айыл чарба багытындагы” жерди “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына социалдык объектилерди жайгаштырууга жана бала-бакча салуу максатында, Таш-Мойнок айыл аймагынын Беш-Күнгөй айылынын чыгыш тарабынан № 117 контурда жайгашкан 0,30 га өлчөмүндөгү жайыт жерин, “Айыл чарба багытындагы” жерди “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына которуу боюнча өтүнүч берилсин.
3.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары С.Чаргынбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Молдобаев |
|