Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 2
Тез аккан каналдын жээгиндеги көчөгө Токтогул Жунушевич Конокбаевдин наамын ыйгаруу жөнүндө
А.Т.Конокпаевдин, атасы - Аламүдүн районунун коомдук ишмери Токтогул Жунушевич Конокбаевдин наамын көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү арызын карап чыгып, анын Лебединовка айылдык Кеӊешинини бир нече чакырылышындагы депутаттык милдетин аткаруу жана Аламүдүн райондук кеӊешинин төрагасы болуп иштеп жаткан убагындагы эл алдында сиӊирген эмгегин баалап, атын түбөлүккө эскерүү максатында, Лебединовка айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
1. ЧЧКнын чыгыш жагынан түштүк жакты көздөй кеткен, Көк-Жар айылдык аймагы менен чектешкен жерге чейинки аралыктагы тез каналдын жээгиндеги көчөгө Токтогул Жунушевич Конокбаевдин аты ыйгарылсын:
- мамлекеттик тилде: «Токтогул Жунушевич Конокбаев атындагы көчө»;
- расмий тилде: «улица имени Токтогула Жунушевича Конокбаев ».
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук филиалына Кыргыз Республикасынын Адрестик каттосуна каттоо үчүн жиберилсин.
3. Арыз ээси А.Т.Конокпаевге - аталган көчөнүн жолун көрктөндүрүү иштерин аткаруу жана тейлөө милдети жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ш.Солтоновго жүктөлсүн.
Лебединовка айылдык Кеңештин төрагасы | К. Умурбаев |
|