Загрузка документа…
САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-январы № 1/3
Айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү планыны бекитүү жөнүндө
Айыл окмотунун бөлүм башчысынын айыл аймагынын 2020-жылга түзүлгөн социальдык –экономикалык өнүгүү планын жөнүндө берген маалыматын карап чыгып талкуулоонун негизинде Саз айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020 – жылга түзүлгөн Саз айыл аймагынын социальдык –экономикалык өнүгүү иш планыны төмөндөгүдөй бекитилсин.
Айылдын инфраструктурасын жакшыртууга – 4337,9мин сом
Билим берүүгө -560 мин сом
Бала бакчага – 150,0 мин сом
ФАПтарды ремонттоого - 50.0 мин сом
Спорт жана маданиятка- 200,0 мин сом
Социалдык сферага – 270.0 мин сом
МЧС - 50,0 мин сом
Бардыгы жергиликтүү бюджеттен -2748,7 мин сом
Республикалык бюджеттен -2769,2
2. 2020 – жылга түзүлгөн Саз айыл аймагынын социальдык –экономикалык өнүгүүсүндө белгиленген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жергиликтуу бюджеттин киреше булагын толтуруу жана чыгаша бөлүгүн туура бөлүштүрүүнүн эсебин алуу боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жумашалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы С.Карамурзиновага жүктөлсүн.
Төрага | К. Сарымсаков |
|