Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 102/XV-27
Кант шаарынын турак-жай коммуналдык чөйрөсүнүн 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын «Кант шаарынын турак жай-коммуналдык чөйрөсүнүн 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө» маалыматын карап
«Кант жылуулук менен камсыздоо» МИсы 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгилине 42260,89 Гкал иштетүүнү мерчемдөөдө, «ТШП» ААКнан 13738,54 Гкал жылуулкту сатып алышат. Керектөөчүлөргө 26167,30 Гкал кое берилип, анын ичинен калкка - - 21127,96 Гкал берилет; бюджетке жана башкаларга 5039,34 Гкал. Кант шаары үчүн жылытуу мезгилинен ченемдик улануусу 136 күндү түзөт. 2019-2020-жылдардагы фктылык жылытуу мезгили план боюнча 05.11.2019-жылы башталат.
2019-жылдын оңдоо, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө 8322,5 миң сом өлчөмүндө чийки заттарды жана материалдарды сарптоо, капиталдык оңдоп-түзөөгө 4223,9 миң сом жумшоо мерчемделүүдө. Бүгүнкү күндө иш 5321,9 миң сомго аткарылды. От казандарын оңдоого- 82,5 миң сом, күнүмдүк оңдоо- 4666,0 миң сом, 1010 метр жылуулук трассасы-573,4 миң сомго оңдолду. Иштин баары ӨИПнын бекитилген ырааттамасына ылайык жүргүзүлдү.
19 09. 2018-жылга мазут – 1638,0 тн., көмүр–111,7 тн. даярдалды. Сатып алуулар жарыяланган тендер боюнча жүргүзүлдү.
Алдыдагы жылытуу мезгилине пландалган талабы: мазут сактоочу жайдын ишин жана альтернативдик отунду кошкондо мазут – 3351,0 тн.; көмүр–310,0 тн.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттен 300тн. көмүр, 500,0 тн мазут алуу үчүн мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы менен ташып жеткирүү келишимине кол коюлду.
Газга болгон талап- 3307,4 миң мз түзөт. «Көгүлтүр от үчүн » жылытуу мезгилинде 59979,5 миң сом (салыгын кошкондо) төлөө керек. «Кыргызгазпром» жеткирилген газга ай сайын алдын ала төлөм жүргүзүүнү талап кылууда. Бул бюджеттик мекемелердин жана калктын жылуулук үчүн өз убагында төлөм жүргүзүү шартынан кийин гана аткарылышы мүмкүн. «ТШП» ААКнун талабына ылайык Кант шаарындагы 2-3-кичи райондоруна жылуулук берүү жылытуу мезгилинен мурун алдын ала төлөө менен жүргүзүлөт. Сатып алынган жылуулук энергиясынын эсеби 21963,0 миң сомду түзөт. Кант ЖБИнын электрэнергиясына мерчемделген бир жылдык муктаждыгы 3471,3 миң кВт/саатты, отун түрүндө электрэнергияга болгон муктаждыгы - 835,3 миң кВт/саатты түзөт.
2019 -2020-жылдардын күз-кыш мезгилдерине Кант ЖБИсы иш-чаранын бекитилген планына ылайык от казандарын оңдоо иштерин жүргүзөт.
Оңдоо иштерине мурунку жылутуу мезгили аяктаар менен киришкен. 2019-жылдын 1-сентябрына карата оңдоо иштери 95%га, от казандары 95%га аткарылды, учурда жылуулук тармагын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, иштин аткарылышы 95%ды түзөт.
Аймактарды өнүктүрүү программасы боюнча жылуулук берүү системасын «2018-2023-жж. жылуулук берүү системасын кичи жана орто шаарларда өнүктүрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасы» долбооруна кошулуу үчүн «Кант жылуулук менен камсыздоо» МИсы ЖӨБО менен макулдашты. Программада 1 МВТ от казандарын куруу, №13а,14а,15а, 19а,19б үйлөр, жаңы курулуп жаткан Кант шаарынын Гагарин көчөсүндөгү (20а,21а,22а) үйлөр газ менен (резервдик отун-мазут)жылуулук берүү, экономикалык натыйжалуулугу 1573,9 тыс. сом\жыл. Даярдык мерчеминде Кант шаардык мэриясынан от казандарын куруу үчүн жер тилкесинин бөлүнүншү жөнүндө чечим алынган. Долбоордук документештирүүгө руксат кагаздары алынган. Долбоорлук документтерди иштеп чыгууга тендер жарыяланган.
Кант ЖБИсы 2-3-кичирайондорун жылуук менен камсыздоо үчүн модулдук от казандарды орнотуу (БМКУ 14 Мвт) катуу отунга 12 Гкал\саат кубаттуулугу орнотулган (эсептелген кошулган күч 4 Гкал\саат) курулуш долбоорун ишке ашыруу аракеттери жүргүзүлүп жатат. Долбоордун алдындагы иштер аяктап, от казандарын жана 1340м. жылуулук трассасын долборлоого сынак жарыяланды. Долбоорду тартуунун экономикалык натыйжасы 41712,2 сом.
Бюджеттик мекемелердин 2019-жылдын 1-сентябрына чейинки дебитордук карызы: республикалык бюджет – 281,0 миң сом, жергиликтүү бюджет – 0, башка мекемелер – 17,8 миң сом, калк- 2147,4 миң сом.
2018 – 2019 –жж. жылытуу мезгилинде калктын жылуулук энергиясына кошуп эсептөө 23435,9 миң сомду түзгөн. Калк арасында дебитордук карыздарды өз учурунда жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карыздарды өндүрүү үчүн сотко арыз берилип жатат.
Кант ЖБИсы үстүбүздөгү жылы акча чогултуу боюнча жалпысынан планды 142,9%га аткарды, калктан чогултуу 104,5%га аткарылды. Соцфонд, айлык-маяна, РЭС, «ТШП» ААКна, «Газпром Кыргызстанга» ишкананын карызы жок.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын « Кант шаарынын турак жай-коммуналдык чөйрөсүнүн 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө » маалыматы эске алынсын.
2. Кант жылуулук берүү ишканасынын директоруна (Тагаев Н.К.):
- Жылытуу мезгилине отун даярдоо иштерин күчөтсүн жана жылуулук энергиясынын үзгүлтүксүз берилүүсүн камсыздасын;
- бардык жылуулук системаларынын жана аварияларды, кокустуктарды жана өрттү эскертүү максатында шаймандардын ишке берилишин такай көзөмөлгө алууну ишке ашырсын.
3. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарындагы муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын жылуулук энергиясына болгон төлөмүн ай сайын камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 12-декабрынан кечиктирлбей берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
|