Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 103/XV-27
Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, тартип сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралары жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билимберүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, тартип сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралары жөнүндө” маалыматын карап чыгып.
Кант шаарынын аймагында 5753 жашы жете элек өспүрүм жашайт, алардын 3962 орто мектептерде, 239 бала КЛде билим алат, 18 жашка чейинки 102 мүмкүнчулугү чектелген балдар. Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын саны 1451.
Кант шаарында 5 орто мектеп-гимназиялары, 1 КЛ, 5 бала бакча, 1 балдар үйү (Алтын-Уя), 1 майыптар үйү (Нур), 2 калыбына келтирүү борбору ( “Сюзен”, “Үмүт”) жана БББ бар. Шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укук бузууларынын алдын алууга ЖЖӨИнын 3 инспектору бекитилген.
Бекитилген планга ыдлайык Кант шаарында 2019-жылдын 8 айында 21.00дөн 23.00гө чейин “Өспүрүм-түн”, “Мектеп рекети”, “Кайырчылык”, “Камкордук” рейддери өткөрүлдү. Квартал ичинде Кант шаарында өспүрүмдөр катышкан 2 кылмыш иши катталды, алар: уурулук-1 (КР КД 201-бер.) жана зордуктоо-1 (КР КК 161-бер.). Бүгүнкү күндө кылмыштын бети ачылып, тергөо иштери жүргүзүлүп жатат.
2019-жылдын башында кылмыштардын алдын алуу каттоосунда 13 өспүрүм турса, учурда 6 өспүрүм каттоодо.
15 милициянын аймактык тескөөчүсү шаардын калкы менен иш алып барат.
Кварталда Кант шаары боюнча жалпысынан 86 кылмыш иши катталган ,анын ичинен 57 уурулук, каракчылык-4, тентектик-17, башкалар-8. 53 кылмыштын бети ачылган.Андан тышкары Кант шаарында 81 жоруктар катталган: уурулук-30, майда тентектик-30, үй-бүлөлүк зомбулук-21. Анын ичинен 77 иштин бети ачылган.
13566 адамды камтыган 4522 үй текшерилген. 118 арыз, кат жана арыздануулар каралган. Ар кандай багыттагы 24 рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.
Укук бузгандарга сөгүш жана жаза берүү боюнча мэриянын астында коомдук-профилактикалык борбор жана аксакалдар соту бар. РИИБнөн түшкөн материалдар жана жарандардын арыздарынын негизинде жыйналыштар болуп турат. КПБ жана аксакалдар сотуна бул аралыкта арыздар келип түшкөн эмес.
2019-жылдын 8 айында коомдук түзүлүштү (аксакалдар сотунун мүчөлөрүн, квартал башчыларын) сыйлоого жергиликтүү бюджеттен 23680 сом бөлүнгөн. Анын ичинен аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө 44000 сом (төрагасына 1500 сом, мүчөлөрүнө 1000 сомдон) жана квартал башчыларына192800 сом (айына 1000 сомдон).
Жаңы мыйзамга ылайык мэриянын алдында Кант шаарынын аймагында мыйзам бузуу иштерин кароо боюнча комиссия түзүлгөн. 1 компьтер болүнүп берилген. Бузууларды каттоо үчүн протоколдун 500 бланкы алынган. Бүгункү күндо бузууларды каттоо базасына 12 протокол аныкталып, 3 эскертүү берилип, 9 айып пул салынган. Учурда өз учурунда 4000 сом өлчөмүндө 4 айып пул төлөнгөн (1-даража боюнча). Бузуулар аныкталганда алгач оозеки эскертүү берилип, андан кийин КР “Бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык протокол толтурулат.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, тартип сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралары жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү жана жалпы билим берүү мекемелеринин башчылары менен бирдикте:
- балдарды жана өспүрүмдөрдү бош убактыларында жана каникулдарда ата-энелер коомчулугуна тартуу уюштурулсун;
- «мектеп рэкети», балдардын өз жанын кыюусу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана тартип бузунун алдын алуу боюнча маалымат-түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- укук коргоо органдары менен биргеликте 2019-2020-жж. Коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыксын;
- коомдук тартипти калыпка келтирүү боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, туруктуу жашаган жери жок адамдар топтошкон жайларда рейддик иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- турмуштук оор абалга кабылган, балдарга жасалган катаал мамиле жана зомбулуктарды өз учурунда бетин ачуу жана учетко алуу иштери күчөтүлсүн.
3. Кант шаарынын мэриясы бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-ж. 6-декабрынан кечиктирилбей берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
|