КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28 майы № 18/2
Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/3 “Жер тилкесинин категориясын которууга макулдугун берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18, 28, 31, 36 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жерди которуу (трансформациалоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде, которууга (трансформациалоого) арналган жер тилкесинин категориясын тактоо максатында, Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын отуруму ТОКТОМ кылат:
1. Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/3 “Жер тилкесинин категориясын которууга макулдугун берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
“1. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагынын төмөндөгү контурларында № 24-2,4га, 25-0,6га, 26-0,3га, 27-0,1га, 28-3,4га, 29-0,7га, 30-06га, 32-0,5га, 33-0,4га, 35-0,4га, 36-4,1га, 37-8,4га, 38-9,4га, 39-2,0га, 40-1,5га, 44-08га, 45-0,5га, 46-1,4га, 47-3,1га, 54-1,1га жайгашкан мамлекеттин менчигиндеги жалпы аянты 41,7га түзгөн жайыт жер тилкесин ат майданын куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин”
2. Бул Токтом, Красный Восток айыл аймагынын өздүк сайтында жарыялансын (электрондук адреси www.kr-ao.kg).
3. Бул Токтом, адилет министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестрине каттоо үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү айылдык Кеңештин агрардык маселелер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул Токтом, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Закиров |
|