Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 1
“Вертекс Голд”ишканасы жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтунун аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд” ишканасынын ишмердүүлүгүндө жергиликтүү тургундар менен байланышы, экологиялык багыттагы иштери, жумушчуларга шарт түзүү жана башка багыттардагы иштери тууралуу карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген сунушу эске алынсын.
2. Ишкананын экологияны коргоо, жол салуу боюнча иштеринде көп кемчиликтер болгондуктан, тиешелүү мекемелерге чара көрүү үчүн кайрылуу жөнөтүлсүн жана ишканага тиешелүү салык төлөмдөрү боюнча маалыматты кийинки сессияга даярдоо жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|