Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 2
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын абалын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын жалпы абалы,кышка карата даярдыктары боюнча маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 2018-жылдан калган акча каражатын 2019-жылдын башында белгиленген жетишпестиктерин 20 күндүн ичинде камсыз кылып берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|