Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 6
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылында жайгашкан № 46 кесипчилик-техникалык окуу жайынын жылытуу системасын ремонттон өткөрүү жана терезелерин алмаштыруу боюнча жазаган Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын каты эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылында жайгашкан №46 кесипчилик техникалык окуу жайынын жылытуу системаларын ремонттоо жана терезелерин алмаштыруу боюнча сметалык баасы 400000(төрт жүз мин )сомдук долбоору Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|