Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 7
Г.Рыспаеванын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылында жайгашкан Б.Рыспаевдин жеке менчик үйүн бала бакча ачуу менен атасынын ысмын ыйгарып берүү боюнча Г.Рыспаеванын кайрылуусу жөнүндөгү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын каты эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылында жайгашкан Б.Рыспаевдин жеке менчик үйүн бала бакча ачууга жана ага ысымын ыйгарууга мүмкүн эместигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын №690 Эл жана турак жайларды каттоо боюнча токтомунун 10-пунктуна ылайык 2020-жылдын 31-декабрынан кийин Алтын Бешик балдар бакчасына ысмын ыйгаруу боюнча иш жүргүзүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|