Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 8
Видео көзөмөл орнотуу жөнүндө
Каныш-Кыя-Ала-Бука жана Каныш-Кыя-Кара-Буура авто жолунда кылмыштуулукка, мал уруучулукка, укук бузууларга каршы күрөшүү үчүн видео көзөмөл койдуртуп берүү жөнүндөгү Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн каты эске алынсын.
2.Каныш-Кыя-Ала-Бука жана Каныш-Кыя-Кара-Буура авто жолунда кылмыштуулукка, мал уруучулукка, укук бузууларга каршы күрөшүү үчүн 2(эки) даана видео көзөмөл орнотуп берүүгө тиешелүү каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|