Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 9
Улуттук оюндарды жандандыруу жөнүндө
Улуттук ат оюндарын жандандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылында өткөрүлүүчү Эр эңиш боюнча V республикалык чемпионатын уюштурууга каражат бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эр эңиш боюнча V республикалык чемпионатын уюштуруу боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2.Улуттук ат оюндарын жандандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө Эр эңиш боюнча V республикалык чемпионатын өткөрүүгө 300000(үч жүз миң )сом акча каражатын мыйзам чегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдар эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|