Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябрь № 11
Шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургуну Н.Шекебаевдин кырсыктан улам жашап жаткан үйүнүн чатыры, кышка камдалган чөбү жана авто машинасы өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каныш-Кыя айылынынын тургуну Н.Шекебаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2.Өрт кырсыгынан улам өтө көп чыгымга учурап,жашап жаткан үйүнүн чатыры толугу менен күйүп кеткендигин жана үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 100000 ( жүз миң)сом акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|