Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 12
Шарты оор үй—бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Жаны-Базар айылынын тургуну Базаралиева Ратханын уулу Кемелов Алидастын ден соолугунун өтө оор болгондугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Базар айылынынын тургуну Базаралиева Ратханын кайрылуусу эске алынсын.
2.Базаралиева Ратханын уулу Кемелов Алидастын ден соолугунун өтө оор болгондугуна байланыштуу жана үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|