Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 13
Чакмак-Суу айылдык китепканасынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Чакмак-Суу айылдык китепкана башчысынын отун көмүр сактоочу склад салууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чакмак-Суу айылдык китепкана башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чакмак-Суу айылдык китепканасына отун көмүр сактоо үчүн склад салууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 65400 (алтымыш беш миң төрт жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|